Бишкекте алдамчылыкка шектелген жаран кармалды. Ал жабырлануучуга 410 миң сом зыян келтиргенин Биринчи Май РИИБинин маалымат кызматынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, өткөн жылдын 25-сентябрында жергиликтүү тургун милицияга арыз менен кайрылган. Анда жаран арыз ээсин алдап, 11 баш бодо малын уурдап кеткендиги, уурдалган малдын жалпы суммасы 410 миң сомду түзөрү белгиленген.
Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү ресстрине 204-берене (алдамчылык) менен катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган.
"Иликтөө иштеринин жүрүшүндө шектүү делинип 36 жаштагы жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Учурда аталган факты боюнча тергөө иштери улантылып жатат".