Ысык-Көл облусунда эне менен баланы өлтүргөн кылмышка шектүү Бишкек шаарынан кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Ысык-Көл ОИИБинин криминалдык милиция кызматынын кызматкерлери тарабынан шектүү жаран Бишкек шаарынан кармалды.
"Учурда аны Ысык-Көл райондук ички иштер бөлүмүнө алып кетишти. Бул окуя Ысык-Көл РИИБинде Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган. Азыркы учурда тергөө амалдары жүргүзүлүүдө", - деп жазылат маалыматта.
Буга чейин 1-февраль күнү кечки саат 20:00 чамасында Кашат айылындагы турак үйдөн 1967-жылы туулган И.Ж. аттуу аялдын жана анын 1992-жылы туулган уулу И.К.нын жансыз денелери табылган. Бул окуя Ысык-Көл РИИБинде Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш башталган.