Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, 2-февраль күнү саат 13:40та Кыргыз өлкөсү менен Кытай өлкөсүнүн чектешкен аймагынын очогунда күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталган. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматынан билдиришти.
Жер титирөө Ош облусунун Алай районунун Нура айылында 3 балл, Иркештам айылында 2,5 баллга чейин сезилген.
Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.