Чүйдө үй ээсинин короодогу унаасын уурдай качкан жаран кармалды. Бул тууралуу облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан билдиришти.
Анда шектүү 1-февраль күнү Ак-Жар конушунан Mersdes-Benz унаасын уурдай качкан.
"Маалымат келип түшөрү менен инспекторлор Сокулук-Кант жолунда кызмат өтөп жатып, качып кетүүгө аракет кылган айдоочуну кармаган. Айдоочу кармалган убакта мас абалында экени аныкталган. Учурда материалдар тийиштүү жерге жөнөтүлүп, териштирүү иштери башталды", - деп жазылат маалыматта.