Манас аэропортунун жолунда 16 жаштагы кызды ала качып бара жаткан балдар кармалды

Манас аэропортунун унаа жолунда 16 жаштагы кызды ала качып бара жаткан балдар кармалды. Бул тууралуу облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан билдиришти.

Бүгүн, 3-февраль күнү саат 09:00 чамасында Чүй ОИИББинин жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын инспекторлору 2004-жылы туулган кызды ала качып бара жаткан жарандарды кармаган. Анда алар Бишкек-Манас унаа жолунда жайгашкан стационардык посттунда колго түшкөн.

"Инспекторлор стационардык посттон 2001-жылы туулган айдоочу айдап бара жаткан Хонда Степвагон үлгүсүндөгү унааны токтотушкан. Айдоочунун документтерин текшерип жатканда, ал аябай тынчсызданып кандайдыр бир шек жараткан. Ошол убакта унаанын ичинен бирөө унаанын терезесин катуу такылдатып жаткандыгын байкашкан. Эшикти ачканда унаанын ичинен ыйлап отурган кызды көрүшкөн. Жанында 20 жаштагы жигит отурган. Кызды суракка алышканда аны Токмоктогу билим берүү мекемелеринин биринен ала качып, аэропорттун жанындагы айылдардын бирине алып бара жатышканын айткан.

Мындан улам айдоочу менен унаада отурган 20 жаштагы эки жаранды кармап, Сокулук РИИБинин тергөө кызматына өткөрүп беришкен", - деп жазылат маалыматта.

Чүйдө 19 жаштагы кызын зордуктоого шектелип атасы кармалды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
dkrf
2021-02-03 12:33:01
Эгер аялдар коомдо басмырланбайлы десенер озунордун сырткы келбетинерди карап жургуло. Жакшынакай болуп, бойонуп, чачынарга укмуштуудай прическа жасап дегендей.
-4
sezima93
2021-02-03 13:35:43
dkrf,сен бир былжыр создорду суйлой бербечи мусулмандарда качан бойонуп жасанып журчу эле,ким айтты сага бойонуп жасанган кыздар басмырланбайт аа бойонбогон кыздар басмырланат деп
0
dkrf
2021-02-03 13:58:55
sezima93,
Диний тушунукторду тануулап, мажбурлабагыла элге. Аял заты дайыма озун карап, боенуп, чачтарын тарап, сырткы келбетине конул болгону эн жакшы. Адам сулуулука баш ийет. Сулуу болуп журо бергиле кыргыз аял заты. Эркин болгула. Ошондо гана силер эркиндигинерди коргой аласынар.
-1
Kombi
2021-02-03 20:38:36
dkrf, Оронсонор ананда кооз нурлуу жылдыздуу болуп каласынар. Ыймандуу Адам кудайдын сактоосунда
0
Sajakat14
2021-02-04 13:00:49
Kombi,арабдардын мамлекеттери толтура. Ошол жакка көчүп кеткиле! Жалаң оронгондордун арасында жашаганы каалап жатсаңар! Биз араб эмеспиз!
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан