Бишкекте мас абалында унааларды сүзүп, окуя болгон жерден из жашырган айдоочу кармалды. Бул тууралуу милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 2-февраль күнү болжол менен саат 21:40 чамасында Тоголок Молдо жана Баялинов көчөлөрүнүн кесилишинен Тойота Авенсис үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу мас абалында белгисиз унааны сүзүп токтогон. Бул жол кырсыгына чейин да Баялинов көчөсүнөн Хонда Фит үлгүсүндөгү унааны сүзүп белгисиз тарапка кетип калгандыгы белгилүү болгон.
"Жабыркагандар жок. Азыркы учурда унаалар убактылуу токтотуучу айып короо жайына токтотулуп, жол кырсыгынын келип чыгуу себептери тактоодо", - деп жазылат маалыматта.