Чүйдө 19 жаштагы кызын зордуктоого шектелип атасы кармалды

Чүй облусунун Аламүдүн районунда өз кызын зордуктоого шектелген ата кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 2-февраль күнү Пригородное айылынын 19 жаштагы тургуну арыз менен милицияга кайрылган. Арызда атасы зордуктаганын айтып, ага чара көрүүнү өтүнгөн. Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган.

"Тергөө учурунда жабырлануучу кыз 1-февраль күнү саат 17:00 чамасында атасы күч колдонуп зордуктап салганын айткан. Андан соң апасы экөө милицияга арыз жазышкан. Мындан тышкары, арыз ээси биринчи жолу атасы аны 2019-жылы зордуктаганын кошумчалаган. Териштирүү иштеринин жүрүшүндө шектүү катары 1984-жылы туулган Т.И. аттуу кыздын атасы кармалган. Шектүү Орусиядан январь айынын ортосунда келген. Учурда кармалган адам Бишкек шаарынын ички иштер башкы башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Учурда тийиштүү экспертизалар дайындалып, тергөө жүрүүдө", - деп жазылат маалыматта.

Чүйдө 19 жаштагы кызын зордуктоого шектелип атасы кармалды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (17)
Belek1710
2021-02-03 12:08:33
Акмак десе, кантип врам ишке колу барды, түрмө сенин ордуң.
+11
Aliza_96
2021-02-03 12:09:11
Кудай сактасын, кандай заманда жашап атабыз??? Бала тороштон да коркуп калдык...
+9
Belek1710
2021-02-03 12:09:16
2019жылы 19да болсо дагы деле 19 да болобу, же апасыбы?!
-7
admin_superstan
2021-02-03 12:19:33
Belek1710, 2019-жылы биринчи жолу зордукталганын айткан. 2019-жылы кыз 16 жашта болот да. Ал эми арызды кечээ жазып жатат. Кунт коюп окусаңыз кабарды.
+6
NUR-01
2021-02-03 12:21:05
18 жашыда көргөн кызы экенда
+4
Nurtoruk
2021-02-03 12:31:56
Значит бул огой атасы экен да Кыз 19жаш озу 37жаш
+10
nazira...
2021-02-03 13:30:48
Nurtoruk,ошондой окшойт. Кыздын апасы экинчисинде өзүнөн кичүүгө тийген болобу ошондо. Өгөй экен да, акмак не болгондо да.
+7
Jibakana
2021-02-03 13:49:02
Nurtoruk,18жашында кыздуу болгон го
+1
Raihan0602
2021-02-03 13:01:00
Ата деген аттан айлангыр сен уже өлгөн адамсың кантип эл аралап басып жүрөсүң туугандары өзүңөр эле таш бараңга алып койбойсуңарбы
+9
Nina.alex
2021-02-03 14:19:25
Raihan0602,эн туура
+4
Tursunbaev1978
2021-02-03 16:33:06
Өгөй болсо,подстава болушу да мүмкүн
+3
Burulsha
2021-02-03 16:33:42
Атыш керек мындайларды.
+3
Datka7777
2021-02-03 16:45:47
Огой атасы окшойт! Шектуу 1984-жылы экен, жабырлануучу 2002-жылы торолуптур! 1984-жылы туулгандар мектепти 2001-жылы бутушкон. Мектепти буткон бала уйлонгусу деле келбейт озу 17 жашта болсо анда!
Демек кыз огой. Бирок азыр постава ото кобойду! Тергоо ачык айкын, журсо экен
+1
Nina.alex
2021-02-03 18:41:06
Datka7777,ой уйлоно берет кээ бирлер. Былтыр менин тааныштарым баланс 17 де уйлонду. 16 дагы кызды алды
+2
Datka7777
2021-02-03 19:40:08
Nina.alex,аныгына жетиш керек!
+2
Nina.alex
2021-02-03 23:53:37
Datka7777,сага анын эмнеси кызык огойбу Оз атабы кызын эч убакта зордуктпбаш керек
0
Datka7777
2021-02-04 12:49:52
Nina.alex, биринчиден аны аныкташ керек! Ушуга окшош дагы бир окуя болгон. Келин кайынатам зордуктады деп милиция чакырып кайынатасын салып берген! Корсо оз уйунон кайынатасынын милиция, соттун колу менен жок кылып уйду ээлегиси келген экен! Ещё артына аш бычак менен сайып салган. Мага акыл уйротпой эле кой так что, почти менден он жаш кичуу экенсин.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан