Бүгүн, 3-февраль күнү Нарын облусунун Ат-Башы районундагы Кара-Суу айылынын Ак-Кокту тилкесинде Ауди С4 жана Тойота Ипсум унааларынын катышуусунда жол кырсыгы катталган. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматынан билдиришти.
Кырсыктын кесепетинен 1 эркек киши каза болуп, 2 адам оор жаракат алган.
Жерине Ат-Башы райондук №45 өрт куткаруу бөлүмүнөн 1 бөлүм жана ӨКМнын атайын куткаруу унаасы менен 6 куткаруучу тартылып, жабыркаган адамдарды Ат-Башы райондук ооруканасына жеткиришкен.
Ал эми каза болгон адамды ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен.