Чүй облусунун Сокулук районунда унаа уурдоого шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, милицияга 1-февраль күнү арыз менен 1967-жылы туулган Э.К. аттуу жаран кайрылган. Анда болжол менен түнкү саат 01:00дөн эртең мененки 06:00гө чейин унаасын үйүнүн короосунда токтоп турган жеринен айдап качып кетишкен белгисиз адамдарга карата чара көрүп берүүнү суранган.
Бул факты Сокулук РИИБинде Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган. Кылмыштын ыкчам түрдө бетин ачуу максатында милиция кызматкерлери тарабынан издөө иш-чараларынын негизинде шектүү катары 1984-жылы туулган А.Р. аттуу жаран Токтогул районунан кармалып, Сокулук РИИБине жеткирилген.
Учурда шектүү адам убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө амалдары уланууда.