"Эртең менен көчөдө баратканда кол салган". Бишкекте зордуктоого шектелип 26 жаштагы жаран кармалды

Бишкекте кызды зордуктоого аракет кылган жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 3-февралда Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Белгилүү болгондой, ушул жылдын 29-январында Свердлов РИИБине А.Ж. аттуу кыз арыз менен кайрылган. Анда кебетеси азиялык болгон, болжол менен 20-25 жаштардагы белгисиз жаранга карата чара көрүүнү суранган. Жабырлануучунун айтымында, ошол күнү эртең менен саат 07:25 чамасында Фере көчөсүнөн белгисиз жаран ага карата күч колдонуп, жерге кулатып, зордуктоого аракет кылган.

"Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 161-берене (зордуктоо) менен катталып, сотко чейинки тергөөгө алынган.

Тергөө амалдарынын жүрүшүндө шектүү делинип 1994-жылы туулган Ж.А. аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Свердлов райондук соту тарабынан шектүү делинген жаран 2 айга СИЗО-1ге камакка алынды", - дешти мекемеден.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Belek1710
2021-02-03 22:44:09
Эмне айбандан да айырмасы жок болуп баратабы тооба!
+4
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан