Планетанын ар бир бешинчи жашоочусу эртеби-кечпи залалдуу шишик (рак) дарты менен ооруйт. Бул тууралуу Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму Дүйнөлүк ракка каршы күрөшүү күнүнө карата айтканын чет элдик маалымат булактары жазып чыгышты.
Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун эксперттеринин айтымына караганда, 2020-жылы залалдуу шишик дарты менен 19 миллион 300 миң адам ооруган. Аталган илдеттин кесепетинен 10 миллион адам көз жумган.
Залалдуу шишик дартынын эң көп тараган түрү - көкүрөк рагы. Андан кийин өпкө, жоон ичеги рагы көп кездешет.
Адисттер рак оорусунун алдын алуу жолу катары убагында текшерүүдөн өтүү керектигин айтышат. Кээ бир, атап айтканда, орто жана аз кирешелүү өлкөлөрдө сапаттуу текшерүү жана оорунун баштапкы стадиясында дарылоого шарттын жоктугу, өнүккөн өлкөлөргө салыштырмалуу өлүмдүн санынын көп болушун шарттайт.
2020-жылы залалдуу шишик дарты менен жабыркаган бейтаптарды дарылаган өлкөлөрдүн 40 пайызы коронавирус илдетинин соккусуна кабылды. Мындан улам залалдуу шишик илдети, онкологиялык оорулар менен ооруган бейтаптар COVID-19дан улам өлүп калуу коркунучу жогору болгондугун адистер айтышкан.