Абайлаңыз сүрөт! Милиция кызматкерлери 3 айдан бери өлүкканада жаткан маркумдун ким экендигин аныктоого жардам сурайт

Милиция кызматкерлери 3 айга жакын убакыттан бери жансыз денеси өлүкканада жаткан маркумдун аты-жөнүн аныктоого жардам сурайт.

Ленин РИИБинин маалымат кызматынан билдиришкендей, маркумдун сөөгү өткөн жылдын 13-ноябрында Фрунзе жана Тимирязев көчөлөрүнүн кесилишинен аныкталган. Маркумдун кебетеси азиялык, болжол менен 40-45 жаш чамасында. Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган.

Маркумдун белгилери: бою 170-175 сантиметр, чачтары кара, арык.

Кийип жүргөн кийимдери: кара түстөгү кепка, көк түстөгү спорттук кийим, көк жынсы шым.

Милиция кызматкерлери сүрөттөгү жарандын ким экендигин аныктоого көмөк сурап, кимде-ким маркум тууралуу маалымат билсе төмөнкү номерлерге байланышып коюуну өтүнөт.

Байланыш номерлери: 0(312) 352-605, 0(551) 102-129, 0(553) 102-465, 0(551) 102-326, 0(705) 450-553 же 102.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан