Орусияда 2 Кыргыз жараны дайынсыз болуп изделүүдө. ИИМдин Орусиядагы өкүлчүлүгү көрүп-билгендерден жардам сурайт

Орусиянын аймагынан 2 Кыргыз жаран изделүүдө. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, дайынсыз болуп жоголгон 2 жарандын жүргөн жерин аныктоо боюнча ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүрүп жатат.

Алар Тешебаев Рахимжан Тойчубаевич 1976-жылы 26-октябрда туулган. Ош облусунун Кара-Суу районунун тургуну. 2009-жылдан бери туугандары менен байланышпай калган, акыркы жолу Москва облусунун Талдом шаарында эмгектенип жүргөн.

Колдошова Астракан Токтосуновна 1977-жылы 22-апрелде туулган, Ош облусунун Ноокат районунун тургуну. 2021-жылдын 6-январь айынан бери Москвада издөөдө, жумушка кеткен бойдон кайра үйгө кайтып келген эмес.

ИИМдин Орусиядагы өкүлчүлүгү жогоруда көрсөтүлгөн жарандар боюнча кандайдыр бир маалыматтарды билген болсо мекендештерден +7(926) 890-87-00 (WhatsApp) ишеним телефону аркылуу билдирип коюуну суранат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Asmat84
2021-02-04 10:48:53
Табылып калсын эсен аман
+8
KaGaH
2021-02-04 10:49:49
Талд деген шаар жок Московская областта
+1
Bolotbek9191
2021-02-04 23:30:20
Талдом деп туратко табылып калсын
0
Tursunbaev1978
2021-02-05 09:44:11
Bolotbek9191,кийин оңдошту
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан