Кечээ, 3-февраль күнү саат 17:24 чамасында Баткен облусунун Кадамжай шаарынын Анкур-Сай көчөсүндө 2 окуучу кызды жолдун четиндеги бордюр басып калды. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, жабыркаган эки окуучунун биринин буту сынган бирөө жеңил жаракат алган.
"Тез жардам" кызматы жабыркаган окуучу кыздарды алып кеткен. Азыркы убакта кыздардын абалы жакшы", - деп билдирет басма сөз кызматы.