УКМК тарабынан эл аралык террористтик уюмдардын ишин каржылоо каналдарын аныктоого жана бөгөт коюуга багытталып жүргүзүлүп жаткан контртеррористтик иш-чаралардын жүрүшүндө Кыргыз жараны А.Н. кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, ал 2021-жылдын 1-февралында кармалган.
Такталгандай, кармалган адам жакынкы чыгыштагы куралдуу жаңжалдар болуп жаткан аймактарга адамдарды жөнөтүү үчүн акча каражаттарын чогултуп жүргөндүгү аныкталды.
Кармалган адам убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Тергөө иш-чаралары жүрүп жатат.