Баткен облусуна караштуу Лейлек районунда түн ичинде автоунаалардын аккумляторун уурдаган жаран кармалды. Бул тууралуу Баткен ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, январь айынын орто чендеринде Лейлек районунун тургундары арыз менен кайрылышкан. Анда алардын турак үйлөрүнүн ичинен үйгө керектелүүчү буюмдар, короосуна токтотуп койгон автоунааларынын аккумляторлору, автоколонкаларын уурдап кетишкен.
"Жалпысынан 5 арыз алынып, бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 90-берене "орчундуу эмес өлчөмдө уурдоо" менен катталып, текшерүү иштери башталган. Текшерүү иштеринин жүрүшүндө Тайлан айылынын 29 жаштагы А.К. аттуу тургуну аныкталып кармалып, уурдалган боюмдар өз ээлерине кайтарылып берилди", - деп жазылат маалыматта.