Бишкектин көчөлөрүндө унаасын чимирилте айдап, кооптуу абал жараткан айдоочуга 18 миң 500 сом айып салынды

Буга чейин социалдык тармактарда 12-кичи райондо унаасы менен бейбаштык кылып, кайгуул кызматкерлери барган учурда токтобой качып кеткен Мерседес Бенц унаасынын видеосу тараган.

Унааны милициянын кайгуул кызматкерлери издеп таап, бузуулар жөнүндө кодексинин 3 беренеси менен 3 протокол толтурду. Анда айдоочу каршы тилкеге чыгып, коопсуздук жаратканы үчүн, кызматкерлерге баш ийбегендиги үчүн, жалпысынан 18 миң 500 сом өлчөмүндө айып салынды.

Ошондой эле мындай одоно жол эрежелерин бузбоо тууралуу түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан