Кочкор районунда жер титирөө катталды

Нарын облусунун Кочкор районунда жер титирөө катталды. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, 4-февраль күнү саат 20:59да Кыргыз Республикасынын аймагынын очогунда күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталган.

Жер титирөө Нарын облусунун Кочкор районунун Кара-Күнгөй, Кара-Саз айылдарында 2,5 балл, Кочкор айылында 2 баллга чейин сезилген.

Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан