Эми Каракол шаарында: Globus географиясын кеңейтет!

Лыжа базасы менен белгилүү болгон Каракол шаары Ысык-Көлдө Globus дүкөнү жергиликтүү тургундарга жана туристтерге меймандостук менен эшик ачкан Балыкчыдан кийинки экинчи ири шаар болуп калды.

Арзан баалар саясатын жүргүзгөн ири чекене соода түйүнүнүн андагы маркетинин ачылышы 5-февралда болду. 80 миңге жакын калкы бар туристтик шаардын тургундары мындай саамалыкты көпкө күткөн!

Соода аянты 900 чарчы метрден ашкан тармактык дүкөн Жусаева көчөсү-129 дарегинде жайгашкан.

Ал күнү-түнү иштейт: кардарларды таң эрте болобу, түн болобу Globus’тун кызматкерлери жылуу жылмайып тосуп алышып, сапаттуу товарлар менен камсыздагандан тышкары, сылык, сапаттуу тейлөө менен узатышат. Ошондой эле санитардык нормалардын баары сакталган - Globus – өз кардарларына кам көрөт! Товарлардын бай ассортименти текчелерде ар дайым жеткиликтүү - бул дагы бир маанилүү жана мактоого татыктуу ырааттуулук.

Дүкөндөн үйүңүзгө керектүү нерселердин бардыгын таба аласыз: ийне менен бурагычтан баштап, жаңы бышырылган азыктар жана элиталык спирт ичимдиктерине чейин.

Баса, жаңы бышырылган токочтор жөнүндө айтсак.

Globus өзүнүн нан бышыруучу жайында даамдуу, табитти ачкан жыты менен нандарды, токочторду бышырат, ошондой эле бутерброд жана даяр тамактарды кардарларына сунуштайт. Мындай цех Каракол шаарында да ачылган. Эми Каракол шаарынын тургундары Globus өздөрү кылган продукциясын татып, баалай алышат.

Сатып алуучуларды баалары, ошондой эле берилгендик программасы жагымдуу таң калтырат: ар кандай акциялар, атайын сунуштар, арзандатуулар жана бонустар - бул дүкөндөрдүн бардык тармагынын өзгөрүлгүс саясаты. Globus топтолуучу карталары Бишкек шаарында жана ушул соода тармагынын аймактык дүкөндөрүндө жарактуу экендигин унутпаңыз.

Globus жакын. Сатып алууларды пайдалуу жана ыңгайлуу жүргүзүңүз!

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан