Чүй облусунда алдамчылыкка шектелип издөөдө жүргөн аял кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Билдирүүгө ылайык, кармалган жаранга карата 2020-жылы Жайыл районунун жашоочусу милицияга арыз менен кайрылган.
"Жабырлануучу 2019-жылдын март айынын башында жарнамадан көзү ачыктын байланыш телефондорун көрүп, ага байланышкан. Арыздануучунун бардык көйгөйүн угуп, алсыздыгынан пайдаланып анын башын айлантып, 340 миң рубль жана 100 долларын алып из жашырып кеткенин билдирген.
Бул окуя Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 204-беренеси (алдамчылык) боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иштеринин алкагында жогорудагы аялга издөө жарыяланган.
Шектүү делинип 1978-жылы туулган С.Е. аттуу аял армалып, Жайыл РИИБинин убактылуу кармоочу жайына камакка алынды. Анын дагы башка кылмыштарга тиешеси бар же жок экендиги текшерилүүдө. Учурда сотко чейинки өндүрүш иштери улантылууда", - деп айтылат билдирүүдө.
Белгилеп кетүүчү жагдай, кылмышка шектелип кармалган аял буга чейин ИИМдин алдын алуу боюнча атайын каттоосунда баңгизат боюнча уюшкан кылмыштуу топторго мүчө катары турганы маалым болгон.