Бишкек-Чалдовар унаа жолунда автокырсык катталып, 2 адам каза болду

Чүйдө 2 адамдын өмүрүн алган автокырсык катталды. Дагы бир жабырлануучу ооруканага жеткирилгенин Республикалык жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча башкы башкармалыктан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жол кырсыгы 5-февралда Бишкек-Чалдовар жолунун 71-чакырымында (Эфиронос айылында) катталды.

"30 жаштагы айдоочу өзүнүн Ваз-2106 үлгүсүндөгү унаасы менен бара жатып жолдун карама-каршы тилкесине чыгып, Мерседес-С180 унаасы менен сүзүшкөн. Мерседес-С180 унаасы 26 жаштагы жарандын башкаруусунда болгон.

Кырсыктын кесепетинен Ваз-2106 унаасынын айдоочусу жана анын жүргүнчүсү (30 жаштагы Д. уулу А.) Панфилов райондук ооруканасынын жандандыруу бөлүмүндө каза болушту. Ал эми Мерседес-С180 унаасынын айдоочусу райондук ооруканада жатат", - дешти маалымат кызматынан.

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы жол-транспорт кырсыктарын болтурбоо максатында, бардык айдоочуларга жол эрежесин бузбоого жана айдоочулук милдеттерин так сактоого чакырат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
CR7_JUV
2021-02-06 13:44:14
Тообо кылдым,акырын айдаса мындай болбойт беле балким.
+1
Stels
2021-02-07 12:52:51
Каршы тилкеге мерс чыккан го,встречкада турат.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан