Ошто алкоголдук ичимдиктерди мыйзамсыз сактаган жана саткан дүкөн аныкталды

Ош облусунда 2 миң бөтөлкөгө жакын алкоголдук ичимдик мыйзамсыз жүгүртүүдөн алынды. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынын маалыматында айтылат.

Белгилүү болгондой, рейддин жүрүшүндө алкоголдук продукцияны уруксат берүүчү документтери жок сактап жана сатып жаткан ири соода дүкөн аныкталды.

"Текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча, мыйзамсыз жүгүртүүдөн ар кандай аталыштагы жана идиштеги 1 миң 958 бөтөлкө алкоголдук продукция алынды. Ишкердик субъектке карата мыйзамга ылайык чаралар көрүлөт", - дешти мекемеден.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан