Бүгүн, 7-февралда Бишкектеги Чыгыш-5 кичи районундагы дүкөндөрдүн биринен өрт чыкты. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен учурда өрт толугу менен өчүрүлгөнүн кабарлашты.
Чүй кең көчөсүндө жайгашкан "Fiх Рrice" дүкөнүнөн өрт чыккандыгы тууралуу маалымат саат 08:36да келип түшкөн. Өрттү өчүрүүгө жалпы 4 бөлүм жана 1 автошаты тартылды .
"Fiх Рrice" дүкөнүнөн чыккан өрт саат 09:19да чектөөгө алынып, саат 09:50дө толук өчүрүлдү", - дешти министрликтен.