Кечээ, 7-февраль күнү социалдык тармактарга Алтынбек Артыкбек уулу аттуу жаран бир тууган карындашын таятасы зордуктап, таенеси зомбулук көрсөтүп жүрөт делген видео тараган.
Ага ылайык, ИИМдин маалымат кызматы бул окуя боюнча атайын кызматкерлер жерине барганын, дарыгерлер менен текшерүү учурунда кыз зордуктоого кабылган эместигин билдиришти.
Учурда окуя боюнча топтолгон материал Тогуз-Торо РИИБине катталып, милиция кызматкерлери арызда көрсөтүлгөн дарекке райондук социалдык өнүгүү башкармалыгынын адиси менен биргеликте барып, 1996-жылы туулган кыз А.А. менен маектешип, камкорчулары таятасы С.С. жана таенеси А.У.дан түшүнүк каттар алынган.
Анда жабырлануучу кыз өзүнүн берген көрсөтмөсүндө таятасы тарабынан зордуктоо болгон эместигин билдирген.
"Биз Казарман айылында жашап жүргөндө 1999-жылы апабыз каза болуп, бир туугандарым менен таята, таенемдин колунда чоңойгонбуз. 5-февраль күнү Бишкекте жашаган бир тууган агам Алтынбек Артыкбек уулу келип, шаарга алып кетем дегенде таятам менен таенем кетирбейбиз деп таенем бир нече жолу колу менен денеме уруп, буту менен тепкилеген. Буга чейин таята-таенем урган эмес. Бирок спирт ичимдиктерин ичкен учурларда ар кандай сөздөрдү айтып урушчу. Таятам тарабынан зордуктоого кабылган эмесмин, агам менен телефон аркылуу сүйлөшкөндө байкем сени таятам зордуктаптыр бирөөлөрдөн уктум деп сураганда, зордуктаган деген сөзгө түшүнбөстөн ооба деп жооп бергем, эч кандай зордуктоо болгон эмес", - деп билдирген.
"Жолдошум экөөбүз каза болуп калган кызымдын 3 баласын камкорчу катары багып алганбыз. Ал эми 1996-жылы туулган А.А. аттуу кызыбыз 1-топтогу майып. Ал кыз майып болгондуктан үйдө карап жатканбыз. 5-февраль күнү неберем Алтынбек Артыкбек уулу Бишкек шаарынан келип, кызды алып кетем дегенде жиним келип, 3 жашынан баштап баккан неберем кетем дегенин угуп нааразы болуп, колум менен ургулап, бутум менен тепкилеп алдым", - деген ал.
Ал эми ИИМдин кызматкерлери жабырлануучу кызды окуядан кийин ооруканага алып барып, алгачкы дарыгерлер менен бирге текшерүү учурунда анын денесинде (жыныстык мүчөсүндө) жаракаттар аныкталган эмес.
Аталган факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иши боюнча тийиштүү экспертизалар дайындалып, текшерүү иштери жүрүүдө. Аталган сотко чейинки өндүрүш ИИМдин тергөө кызматы тарабынан тыкыр көзөмөлгө алынганын кошумчалашты.