Инстаграм аркылуу таанышкан. Ошто окуучу кызды зордуктаганга шектүүлөр кармалды

Ош шаарында 16 жаштагы кызды зордуктаганга шектелип 2 бала кармалды. Бул тууралуу Ош ШИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Ош шаардык ички иштер башкармалыгына 2020-жылдын декабрь айында Ош облусунун тургуну арыз жазган. Арызда анын 2005-жылы туулган кызын белгисиз 2 жаран Ош шаарынын батирлеринин биринде зордуктап койгондугун жана ал адамдарга карата тиешелүү жаза берүүнү өтүнгөн.

Жабырлануучу кыз учурда мектепте окуйт. Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын криминалдык милиция кызматы тарабынан 6-февраль күнү бул кылмышка шектүү катары Ош шаарынын тургундары 2001-жылы туулган К.Т. жана А.К. аттуу жарандар зордуктоого шектүү катары кармалышып, убактылуу жайга киргизилди.

Жазык кодексинин 161-беренесинин (зордуктоо) белгилери менен сотко чейинки өндүрүш ачылды. Алгачкы тергөө иштеринин жүрүшүндө маалым болгондой, жабырлануучу кыз бул шектүү жарандар менен Инстаграм интернет түйүнү аркылуу таанышып, интернет аркылуу баарлашып жүрүп, алардын чакыруусу менен Ош шаарына келген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
KaGaH
2021-02-08 18:00:52
Зонадагы тооканага пополнение 2 тоок
+5
Aliza_96
2021-02-08 18:36:32
Жаш балдарды ушундай соцсеттерден чектеш керек, ал жактан ар кандай нерселерди корот, ушинтип таанышып акыр аягы ушундай болот
+9
dkrf
2021-02-09 12:05:23
Кыздардын кордугу бизде токтой жатат. Элдин ан сезимин озгортуу керек.
-1
Aiymkunumjyldyzym
2021-02-09 12:15:47
Тел бир чети жакшы дейбиз,бирок зыяны коп тийип жатат окшойт азыр.
+1
altinbe
2021-02-09 12:46:43
батирге чейин барган акмак кызго.тааныбаган балдар менен.интернеттен эле чала була таанышып батирине барган.
+7
amirrus
2021-02-09 21:55:21
Подстава ,Кыз жаман жургону билинип эле турбайбы,азыр озу чакырып жатып алып акча ондурмой конумуш болуп баратат...
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан