Чүйдө чогуу жашаган эркек кишиге бычак сайган аял кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 9-февраль күнү Жайыл РИИБинин нөөмөт бөлүмүнө Кара-Балта шаарындагы үйлөрдүн биринен эркек кишинин жансыз денеси табылганы тууралуу маалымат келип түшкөн.
Айтылган дарекке барган ыкчам тергөө тобу төмөнкүлөрдү аныкташкан. Анда жансыз денеден күч колдонулган белгилер бар болгон. Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган.
Тергөөнүн жүрүшүндө маркум 1973-жылы туулган И.А. аттуу жаран болгон. Ал эми шектүү катары мурда маркум менен чогуу жашаган 1995-жылы туулган Б.А. аттуу аял кармалган. Шектүү учурда жазасын түзөтүү мекемелеринин биринде өтөп жаткан. Анда ал 2015-жылы аялдын денесине оор залал келтирип, соттолгон. Тергөөнүн алдын-ала версиясы боюнча, ортодон уруш чыгып, анда шектүү эркек кишиге бир нече жолу бычак уруп, андан кийин кылмыш болгон жерден качып кеткен.
Учурда териштирүү иштери жүрүүдө.