Толук маалымат www.kumtor.kg сайтында,«Сатып алуулар жана логистика» - «Кумтөр кызматташууга чакырат» бөлүмүндө берилген.Өзүнүн ылайыктуу дасыккан персоналы бар кызыкдар уюмдар жана жеке ишкерлер өздөрүнүн коммерциялык сунуштарын А4 форматындагы бекитилген конвертте, үстүнө«2021-2022 ж.а.Өрттү аныктоо жана өчүрүү системасын орнотуу жана ишке киргизүү» деп жазып 2021-жылдын 19-февралынын кечки саат 17.00гө чейин көрсөтүлгөн даректердин бирине тапшыруусу керек: Бишкек шаары, Ибраимов көчөсү. № 24, 10 кабат, кабылдама (ресепшн); же Жети-Өгүз району, Тамга айылы, «Волна» маалымат борборуна.
КГК келген сунуштарды толугу же бөлүгү менен кабыл алууга же четке кагууга, эӊ атаандаш коммерциялык сунуш бере алган жана КГКнын талаптарына дал келген мыкты талапкерлерди тандаганга укуктуу. Ошону менен бирге, бардык шарттар бирдей аткарылган учурда, артыкчылык Жети-Өгүз, Тоӊ райондорунун жана Балыкчы шаарынын талапкерлерине берилет. КГК тандоодон өткөн талапкерлер менен гана байланышат.