Өлкө аймагында зергерчилик буюмдарды контрабандалык жол менен алып өтүү фактысы аныкталды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинен билдиришти.
Билдирүүгө ылайык, кечээ, 9-февралда УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлери "Манас" эл аралык аэропортуна аба каттамы аркылуу чет өлкөдөн келип, бажы аймагынан тийиштүү бажылык каттоосуз өтүүгө аракет кылып жаткан жеринен 1981-жылы туулган Т.Л. аттуу жаран кармалды.
Жүктөрдү текшерүү учурунда жалпы салмагы 17 килограммдан ашык, баасы 53 миллион сомду түзгөн алтын буюмдар табылды.
Учурда сотко чейинки өндүрүш иш-чаралары жүргүзүлүп жатат.