Ош облусуна караштуу Ноокат районунда опузалап акча талап кылган эки жаран кармалды. Бул тууралуу Ош ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 8-февраль күнү Ноокат районунун Гулистан айыл аймагынын Беш-Коргон айылынын 1979-жылы туулган тургуну А.Р. арыз менен кайрылган. Анда арыз ээсин эки жаран коркутуп, 40 миң сом акча талап кылган.
Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 203-берене "опузалап талап кылуу, алдын ала сүйлөшүү боюнча адамдардын тобу менен" катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган.
"Иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө жогорудагы 2 жаран 14 миң сом акча алып жаткан жеринен кармалып, тергөө кызматына өткөрүлүп берилген. Кармалган шектүүнүн бири Ноокат районунун Көк-Бел айылынын тургуну, ал уюшкан кылмыштуу мүчөсү катары ИИМдин каттоосунда турат. Ал 2014-жылы декабрь айында каракчылык фактысы менен кармалып, Ош облустук соту тарабынан 9 жылга эркинен ажыратылган. 2019-жылы октябрь айында Ош шаарындагы №42 түзөтүү мекемесинде 3 жылдык эркинен ажыратылып ошол жерде мөөнөтүн өтөп жаткан. Ал эми экинчи шектүү Ноокат районунун Чечме-Сай айылынын 33 жаштагы И.М. аттуу тургуну. Ал 2020-жылдын декабрь айында "баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды, алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо" беренеси менен Ош шаардык соту тарабынан соттолуп, 2 жылга пробациялык мөөнөтүн өтөп жаткан", - деп жазылат маалыматта.