Бишкек шаардык сотунун имаратына ууру кирди. Маалыматты Биринчи Май РИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 10-февраль күнү саат 08:15те Бишкек ШИИББинин нөөмөт бөлүмүнө Бишкек шаардык сотунун имаратына ууру кирди деген маалымат түшкөн.
Жерине ыкчам-тергөө тобу барган. Учурда териштирүү иштери жүрүп жатат, тийиштүү маалыматтар берилет деп жазылат маалыматта.