Чүйдүн Токмок шаарында улгайган кишинин үйүнө уурулукка кирген шектүү кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 9-февралга караган түнү саат 01:00 чамасында 80 жаштан ашкан Токмок шаарынын улгайган тургунуна каракчылык фактысы жасалган. Алдын ала маалыматтар боюнча, бет капчан кол салган адам үйдүн тосмосуна кирип, терезелерин талкалап салган. Андан кийин үйгө кирип үйдүн К.Э. аттуу кожойкесинин колун байлап, ага күч колдонуп, алтын жана күмүш зер буюмдарды, уюлдук телефонду, үй буюмдарын жана тамак-ашты уурдап кеткен.
Аталган факты Токмок ШИИБинде Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки тергөө иши баштаган. Тергөө кызматы тарабынан керектүү экспертизалар дайындалды. Бул кылмыштын бетин ачууга багытталган тергөө-оперативдик иш-чараларды жүргүзүү учурунда шектүү катары 27 жаштагы А.А. аттуу Токмок шаарынын тургуну кармалды.
Кармалган адам райондук милиция бөлүмүнө жеткирилип, тергөө органдарына өткөрүлүп берилди.