Жактоочу: "Улукбек Өмүрзаков мамлекетке 20 миллион сом төлөгөн эмес"

Ички иштер министринин биринчи орун басары Сүйүн Өмүрзаковдун бир тууган иниси Улукбек Өмүрзаков мамлекетке 20 миллион сом төлөгөн эмес. Бул тууралуу анын жактоочусу Икрамидин Айткулов SUPER.KG порталына билдирди.

Жактоочунун айтымында, 20 миллион сомду кармалган башка шектүүлөр төлөгөн.

"Улукбек Өмүрзаков күнөөсүн эч кандай моюнга алган жок. Ал ошондой эле тергөө менен кызматташууга дагы макул болгон эмес. УКМКнын Өмүрзаков 20 миллион сом төлөдү деген маалыматы туура эмес. Ошондой эле ал прокуратура органынан өзүнүн каалоосу менен кызматтан кеткен. Ал эми башка кармалган шектүүлөрдүн үй камагына чыккан, чыкпаганын билбейм", - деди Айткулов.

Буга чейин УКМК эки айга камакка алынган Улукбек Өмүрзаков мамлекетке 20 миллион сом төлөгөндүгүнө байланыштуу үй камагына чыгарылганын билдирген. Ошондой эле маалыматта "тергөөдө кармалган адамдар "Жолчырак" ЖЧКсынын көмүр кенинин аймагындагы мыйзамсыз көмүр казууга катыштыгы бар экендиги далилденди" деп жазылган эле.


РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
KGZ-RUS
2021-02-10 13:43:15
Садыр аванар чето ептей албай жатат
+5
kamchatka
2021-02-10 17:16:44
Анда эмне алдап жатышабы элди 20 миллион берди деп
+4
Federik
2021-02-10 19:12:17
Силерди шайлап бекер эле кылыптырбыз умут акталбай турган болду.
+2
AdylbekB84
2021-02-10 20:00:59
Бул дегени Ошту ушулар башкарып келген и башкара берет дегендике жатат да! Ташиев кудай буюуруп жакшы болуп келсе жооп береттир?
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан