Жалал-Абад шаарында уурулук менен алектенген кылмыштуу топ кармалды. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, 5-феврал күнү Жалал-Абад ШИИБине 1980-жылы туулган С.К. аттуу тургун арыз менен карылган. Анда ошол эле күнү саат 9:00 чамасында Жалал-Абад шаарындагы "Народный" дүкөнүнүн эшигин белгисиз кылмышкерлер бузуп киришип, кассадан 30 миң сом акчасын уурдап жана сыртта турган терминалды бузуп, материалдык зыян келтиришкен.
Мындан сырткары, дагы бир Жалал-Абад шаарынын 38 жаштагы К.Н. аттуу тургуну арыз менен кайрылган. Анда 3-февралга караган түнү Төш-Кутчу айылындагы азык-түлүк дүкөнүнө белгисиз кылмышкерлер терезеси аркылуу киришип, 11 миң сомдук товарларын жана кассадан 30 миң сомго жакын акчасын уурдап кетишкен.
Бул фактылар Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 200-берене "Уурдоо" боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иши ачылган.
"Милиция кызматы тарабынан жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин натыйжасында жогорудагы кылмыш иштерине шектүү катары Сузак районунун 2001-жылы туулган А.Б, М.А,Т.С. жана 2003-жылы туулган М.С. аттуу тургундары кармалышкан. Алар тергөө учурунда кылмыш иштерин толугу менен моюндарына алышып, жасаган жумуштарына өкүнүп жатышкандыгын билдиришкен. Учурда тергөө иштери улантылууда", - деп жазылат маалыматта.