"Күйөөсү менен уруша кеткен". Өзгөндө келин өзүнө-өзү бычак сайды

Ош облусунун Өзгөн районунда өзүнө-өзү бычак сайган келиндин иши боюнча тергөө жүрүп жатат. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 2-февраль күнү болжол менен саат 02:30 чамасында Өзгөн районунун Жазы айыл аймагынын Кара-Дыйкан айылынын тургундары 29 жаштагы келин жолдошу менен өз ара пикир келишпестиктен уруша кетишкен. Анда келин өзүн-өзү ашкана бычагы менен ичине сайып жиберген. Натыйжада ал денесинен алган жараатынан улам Өзгөн аймактык ооруканасына медициналык жардамга кайрылган.

"Бул факты Өзгөн РИИБинде Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган. Тергөөнүн жүрүшүндө келин өзүнө-өзү бычак сайганын айткан. Тийиштүү экспертизалар дайындалып, тергөө иштери жүрүүдө", - деп билдирет басма сөз кызматынан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Chikabek
2021-02-10 17:19:52
Шайтандын азгырыгы да
+1
Gospozhatsetok
2021-02-10 19:51:50
Тообо Кыргызстанда башка жакшы жанылык жокпу,акыркы кундору жалан зордуктаган, олтургон, асынып алган деген жанылыктарды окуп калдык го
+4
Aimani
2021-02-10 20:16:08
Озуно өзү сайдыбы же күйөөсү сайып мойнуна алдырып атабы
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан