Бишкекте 5 жашар кызды сүзүп кеткен айдоочу кармалды

Бишкекте 5 жашар кызды сүзүп кеткен айдоочу кармалды. Бул тууралуу милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 7-февраль күнү социалдык тармакка белгисиз унаанын айдоочусу саат 11:00 чамасында 7-апрель көчөсү менен кетип бара жатып, жөө адамдар өтүүчү өтмөктөн кырсыкка кабылган. Анда унаа 5 жашар кызды сүзүп кеткен. Кыз алган жаракатынын негизинде ооруканага жеткирилген.

Ыкчам кызматкерлер унаанын айдоочусун кармап, төмөнкүлөрдү аныкташкан. Анда Мерседес-Бенц унаасынын 1995-жылы туулган Б.Р. аттуу айдоочусу кызды сүзгөн.

Териштирүү үчүн айдоочу Бишкек ШИИББинин кызматкерлерине өткөрүлүп берилген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан