Кыргыз каскадёрлору биринчи жолу дүйнөлүк Taurus сыйлыгын жеңип алды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына "Nomad Stunts" каскадёрлор тобунун мүчөсү Жамил Жуматаев билдирди.
"Taurus сыйлыгы каскадёрлордун "Оскары" деп эсептелет. Биз бул сыйлыкты казакстандык режиссёр Акан Сатаев тарткан "Томрис" тасмасында эң мыкты трюктарды аткарганыбыз үчүн алдык. Тасма 2018-жылы тартылып, 2019-жылы жарык көрдү. Ал эми Taurus өткөн жылдын аягында Лос-Анджелесте дүйнөлүк каскадёрлор Академиясы тарабынан берилди. Сыйлоо аземи пандемияга байланыштуу онлайн форматта өттү. Киного жалпысынан 15 Кыргыз каскадёру тартылган",- дейт Жуматаев.