Бүгүн, 10-февралда Токмокто 80 жаштагы пенсионердин үйүнө кирген ууру анын колун байлап, баалуу буюмдарын алып кеткени кабарланган.
Бирок кийин аны тоноп гана кетпестен зордуктаганы дагы аныкталган. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин маалымат кызматынан SUPER.KG порталына билдиришти.
Маалыматка ылайык, ал күнөөсүн моюнуна алган. Учурда психикалык абалын текшерүү үчүн экспертиза дайындалганын билдиришти.
Окуя 9-февралга караган түнү саат 01:00 чамасында болгон. Алдын ала маалыматтар боюнча, 80 жаштан ашкан Токмок шаарынын тургунунун үйүнө бет капчан адам үйдүн тосмосуна кирип, терезелерин талкалап, андан кийин үйгө кирип кожойкесинин колун байлап, ага күч колдонуп, алтын жана күмүш зер буюмдарды, уюлдук телефонду, үй буюмдарын жана тамак-ашты уурдап кеткен.