Социалдык тармактарда Бишкек шаарындагы №146-маршруттук каттамдын айдоочусу мас абалында унаа башкарып, жол кырсыгына кабылган видео тарады.
Видеодо көрүнгөндөй унаанын айдоочусу мас абалда болгон. Аны тургундар кармап турушкан. Видео кайсы жерде тартылганы азырынча белгисиз.
Бул окуя боюнча мэриянын алдындагы транспорт башкармалыгына байланышканыбызда маалымат такталып жатканын айтышты.