Жактоочу: "Кримтөбөл Кадыр Досонов Ошто УКМКга өзү келди"

Женго каймана аты менен таанымал кримтөбөл Кадыр Досонов Ошто УКМКга өзү келди. Бул тууралуу анын жактоочусу Назгүл Сүйүнбаева социалдык тармактагы баракчасына жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, Досонов убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Бүгүн, 11-февралда баш коргоо чарасы каралат.

Ошондой эле жактоочу өзүнүн Фейсбук баракчасына УКМКнын Ош облусунун башчысы "Досоновду массалык маалымат каражаттары үчүн шоу кылып кармап коёлу деп" кайрылганын жазып чыккан.

Кечээ, 10-февралда Ички иштер министрлигинин органдары менен биргеликте Кадыр Досоновдун турган жерин аныктоо боюнча "перехват” планы жарыялаган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Baatirbek81
2021-02-11 09:46:20
Бул спектакелиңер канча сериядан турат!
Кийинки сериясы качан чыгат?
+3
kalbek87
2021-02-11 11:29:58
Булар деле кыйратбай окшойт. Кылмышкер менен мастлеттешип кармап атышса , булардан деле үмүт үзүлдү.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан