Женго каймана аты менен таанымал кримтөбөл Кадыр Досонов УКМКга өзү келгени маалымдалган. Бүгүн, 11-февралда ал Оштон Бишкекке алып келинди. Маалыматты Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматынан билдиришти.
"Уюшкан кылмыштуу топтордун ишмердүүлүгүнө бөгөт коюу чараларынын жүрүшүндө кримтөбөл Кадыр Досоновду издөө иштери аяктады. Сотко чейинки ачылган кылмыш ишинин алкагында Досонов УКМКнын абак жайына киргизилди", - деп айтылат билдирүүдө.
Кечээ, 10-февралда Ички иштер министрлигинин органдары менен биргеликте Кадыр Досоновдун турган жерин аныктоо боюнча "перехват” планы жарыяланган.