УКМК: "Турак-жай жана жарандык курулуш департаментинин башчысы кармалды"

Мамлекеттик архитектура, курулуш, турак-жай коммуналдык чарба агенттигиндеги коррупциялык схема жок кылынды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинен билдиришти.

"Мамлекеттик курулуш комитетинин Турак жай жана жарандык курулуш департаментинин жооптуу кызматкерлери материалдык жана башка артыкчылыктарды алуу максатында өзүнө берилген ыйгарым укуктарды мыйзамсыз пайдаланып, системалуу негизде курулуш компаниялардын өкүлдөрүнөн өзгөчө ири өлчөмдө акча каражатын алышканы аныкталды. Атайын тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө курулуш компанияларынын биринин өкүлдөрү тарабынан Мамлекеттик курулуш комитетинин жооптуу кызматкерлерине 1 миллион 400 миң сом өлчөмүндө акча каражатын которуу фактысы катталды", - деп жазылат билдирүүдө.

Мындан улам Турак жай жана жарандык курулуш департаментинин директору А.А.К. жана департаменттин инвестициялык долбоорлорун ишке ашыруу боюнча координациялык топтун директору Э.Р.К. кармалып, экөө тең УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
kamchatka
2021-02-11 13:59:50
Таза адам калган эмес экенда качан камап бутосунор тездеткиле эми
+4
Kuban-1207
2021-02-11 14:05:21
Жеенбековдор качан камалат ошолор жеген кыргызстанды
-7
stal.ks
2021-02-11 14:28:46
Карызыбыз азайып жатабы??? ,,кармалгандардан тушкон акчаны карызга канчасы толонду маалымат бергиле
+2
ruslanz
2021-02-11 14:31:36
Муну дагы колдоп чыккыла,Женгону дагы колдогула, жалаа деп.Мамл. каражатын жедиби жооп бериш керек ким болбосун, корруп-ди колдобойлу.
+5
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан