Бүгүн, 11-февралда Ош облусунун Кара-Суу районунда 17 жашар баланы тоноого шектелгендер кармалышты. Бул тууралуу Ош ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 7-февралдан 8-февралга караган түнү саат 00:00 чамасында Кара-Суу РИИБине Кара-Суу районунун Баш-Булак айылынын тургуну 37 жаштагы А.З. арыз менен кайрылган. Анда анын 17 жашар уулун тѳрт бейтааныш адамдар күч колдонуу менен коркутуп, анын “Редми 9” үлгүсүндѳгү кол телефонун тартып алышкан.
Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган.
"Издөө иштеринин жүрүшүндө, кылмышка шектүү катары 11-февралда саат 04:35 чамасында Кара-Суу районунун Отуз-Адыр айыл ѳкмѳтүнүн тургундары 22 жаштагы К.Н., 21 жаштагы Б.Р., К.Б., А.М. кармалышып, убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Жазык ишинин алкагында Ү.С.га таандык “Мерседес-Бенц 200” үлгүсүндѳгү автоунаасы далил катары табылып, айып короосуна коюлду. Аталган кылмыш иши боюнча тергөө иштери жүргүзүлүүдө", - деп жазылат маалыматта.