Кызыл-Кыяда "Дракон" каймана аты менен жүргөн жаранды өлтүрүп кетишти

Баткен облусуна караштуу Кызыл-Кыя шаарында адам өмүрүн алган мушташтын катышуучулары кармалды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Баткен ОИИБнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 11-февралга караган түнү болжол менен түнкү саат 00:02 чамасында Кызыл-Кыя шаарынын аймактык ооруканасына 39 жаштагы М.А. аттуу жергиликтүү тургун оор абалда жеткирилип, жандандыруу бөлүмүндө эсине келбей каза болгон.

Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 138-берене "Этиятсыздыктан ден соолукка оор зыян келтирүү" менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери ачылган.

"Жогорудагы кылмыш ишине шектүү катары Т.Б., Э.Б., Б.А., С.И., М.М. аттуу 5 жаран кармалды. Сотко чейинки өндүрүштүн жүрүшүндө Кызыл-Кыя шаарынын Жаштык көчөсүндө орун алган кафелердин биринде жогоруда көрсөтүлгөн жарандар отурушуп, спирт ичимдигин ичишип, пикир келишпестиктен улам мушташып кетишкен. Тиешелүү экспертизалар дайындалды. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат", - деп жазылат маалыматта.

Жергиликтүү тургундардын айтымында, каза болгон жаран "Дракон" каймана аты менен белгилүү болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
batleybesh
2021-02-12 01:42:30
Так маалымат болбогону учун кыскартып жазышабы ошондо мен эч тушунбойм?
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан