
Ош шаарында, ИИМде уюшкан кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү катары каттоодо турган адам кармалды. Бул тууралуу Ош ОИИБинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, 19-январда Кара-Суу районунун 1976-жылы туулган Н.А. аттуу тургуну арыз менен кайрылган. Анда 2019-жылы июль айында Ош шаарынын 1990-жылы туулган И.И. аттуу тургуну арыз эссинин ишенимине кирип "Дэу Лачетти" үлгүсүндөгү унаасын оңдоп берем деп алдап, жыйынтыгында сатып жиберген.
Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 204-берене (алдамчылык) боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган.
"Издөө иш-чараларынын жүрушүндө аталган унаа Ош шаарынын тургунун үйүнөн табылып, айып аянтчасына токтотулган. Учурда кылмышка шектүү И.И. убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Ал 2014-жылдан бери ИИМде уюшкан кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү катары каттоодо турган жаран, буга чейин 24 жолу соттолгон", - деп жазылат маалыматта.
Анын дагы 4 алдамчылык фактысына катыштыгы текшерилүүдө.