Өзгөндө бир тууган агасын бычак менен сайып жиберген жаран милицияга өзү билдирген

Ош облусуна караштуу Өзгөн районунда жаран өзүнүн бир тууган агасын бычактап салды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Ош ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 7-февраль күнү Өзгөн районунун Баш-Дөбө айыл аймагынын Кеңеш айылынын тургуну, 27 жаштагы С.Н. үйүндө 34 жаштагы С.А. аттуу бир тууган агасын бычак менен сайып алгандыгын Өзгөн РИИБинин нөөмөт бөлүмүнө билдирген.

Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестирине 266-беренеси "ээнбаштык" боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган.

"Окуя болгон жерге тергөө тобу барганда С.Н. үйүндө пикир келишпестиктен улам бир тууган агасы С.А.ны бычак менен бел тарабына сайып жибергени аныкталган. Натыйжада, агасы денесинен жарат алып Өзгөн райондук ооруканасына жаткырылган. Учурда тийиштүү экспертизалар дайындалып, сотко чейинки өндүрүш иши жүргүзүлүүдө", - деп жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
KAPAGAT
2021-02-12 02:20:34
Менин айылымгоо!Тообо!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан