Чүй облусунун Аламүдүн районунда турак үйдө газ түтүгү жарылып кетти. ӨКМнын маалымат кызматынан кабарлашкандай, окуя бүгүн, 11-февралда ГЭС-2 айылынын Гагарин көчөсүндө жайгашкан турак үйдө орун алды.
"Кырсыктын кесепетинен 2007-жылы туулган Д.Ж. аттуу эркек бала каза болуп, дагы 1 эркек киши жабыркады (аты-жөнү такталууда).
Кырсык катталган жерге саат 15:00дө 5 куткаруучу, саат 15:05те штаб жана газ кызматынан 1 бригада тартылган. Куткаруучулар каза болгон жарандын жансыз денесин милиция кызматкерлерине өткөрүп беришти. Ал эми жабыркаган жаран ооруканага жеткирилди, абалы канааттандырарлык", - дешти мекемеден.