УКМК: "Таласта сот департаментинин башчысына пара берүү фактысы менен жеке ишкер кармалды"

Таласта Куралдуу Күчтөрдүн алдындагы сот департаментинин башчысына пара берүү фактысы менен Э.Р.А аттуу жеке ишкер кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы маалымат таратты.

Маалыматка ылайык, кармалган адам сатылып алынган товарларга (авто тетиктерге) жогорулатылган бааларды жашыруу жана автоунааларды оңдоо боюнча кызмат көрсөтүү максатында, Талас шаарынын сот департаментинин башчысына 50 миң сом өлчөмүндө акча сунуш кылгандыгы аныкталган.

Бул факты кылмыш-жаза кодексинин 328-беренесинин 2-бөлүгү менен (пара берүү) реестерге катталды. Кармалган адам Талас облустук ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилип, учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан