Ошто эки мектеп окуучусун бычактаганга шектүүлөр изделүүдө

Ош шаарында эки окуучу бычакталып ооруканага түшүп, анын бири алган жаракатынан улам каза болгону маалымдалган. Аталган кылмышка шектүүлөр изделүүдө. Бул тууралуу Ош ШИИБинин маалымат кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 11-февралда болжол менен саат 14:10до Ош облустук ооруканасынан Ош ШИИБинин нөөмөт бөлүмүнө бычакталып 2 өспүрүм түшкөндүгү тууралуу маалымат келип түшкөн.

"Тилекке каршы, алардын бири 2004-жылы туулган К.Б. аттуу бала ооруканада көз жумган. Экинчи бала 2004-жылы туулган Н.С. оор абалда. Учурда бул кылмышка тиешелүү шектүүлөр изделип жатат. Балдарга кол салган адамдарды кармоо боюнча милиция кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте издөө иштерин баштады", - деп жазылат маалыматта.

Жабырлануучулар аталган аймактын Нариманов орто мектебинин 10-классынын окуучулары. Окуя мектептен сырткары, мурдагы "Ареопаг" дүкөнүнүн арткы тарабында болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
aikaademi
2021-02-11 17:32:15
Кылмыштуулук аябай көбөйдү го, уурулук, тоноочулук, адам өмүрүнө кол салуу. Мунун баары иш жок, акча жок бекерчиликтен. Россияга билет арзандап, ошо жакка кетишсе бир аз азаят беле мындай нерселер
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан