Бишкекте түнкүсүн жарандарды тоноп жүргөн кылмыштуу топ кармалды

ИИМдин криминалдык милиция кызматынын ыкчам кызматкерлери уурулук жана тоноо менен алектенген кылмыштуу топту кармашты. Жылдын башынан бери Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун аймагында көчөлөрдөн тоноп, дүкөндөрдөн уурдаган бир катар фактылар аныкталган. Сотко чейинки өндүрүштүн алкагында шектүүлөрдүн аты-жөнүн аныкташкан. Азыркы учурда тоноо менен уурулуктун 7 фактысы аныкталды.

Андан сырткары болжолдуу маалыматтар боюнча кылмыштуу топтун мүчөлөрү уурулук менен тоноонун 10 ашык фактысын жасоого шектелишүүдө. Бул кылмыш иштери ушул жылдын январь айынан бери жасалып башталган. Бул фактылар Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган.

Тоноочулар жарандарга түнү кол салып, акча каражаттарын, уюлдук телефондорун тартып алып жүрүшкөн. Көчөлөрдө унаалары менен жүрүп, өздөрүнө ыңгайлуу жерлерден адамдарды тоноп, андан соң издерин жашырып качып кетип жүрүшкөн. Ыкчам иликтөө иш-чараларын жүргүзүү учурунда ички иштер органдарынын кызматкерлери шектүүлөр кандай унаа менен жүргөндүгүн “Коопсуз шаар” долбоору аркылуу аныкташты.

Ошондой эле, кылмышкерлер Бишкек шаарында жайгашкан Кара-Жыгач конушунда жана Сокулук районунун Шопоков айылында жайгашкан дүкөндөрдүн эшиктерин талкалап кирип, азык-түлүктөрдү, акча каражаттарын, ноутбук жана башка буюмдарды уурдоого шектелишүүдө. Алар:

Бишкек шаарында жашап жаткан Ысык-Көл облусунун тургуну 1996-жылы туулган Р. К. мурда уурулук үчүн соттолгон.

Бишкек шаарында жашаган Ош облусунун Кара-Кулжа районунун тургуну 2000-жылы туулган К.Д. мурда уурулук үчүн соттолгон. Негизги жаза мөөнөтүн өтөгөндөн кийин, мөөнөтүнөн мурда шарттуу түрдө бошотулуп, 2 жыл 1 ай 26 күнгө пробациялык көзөмөлдөө үчүн бошотулган.

Бишкек шаарында жашап жаткан мурда соттолгон Талас облусунун тургуну Н.у. К. кылмыш жасоо учурунда айдоочу катары жүргөн. Азыркы учурда кармалган жарандар ушул сыяктуу башка кылмыш иштерин жасоого шектелишүүдө. Иликтөө жүрүп жатат. Тоноочулардын колунан жабыр тарткандар же алар боюнча кандайдыр-бир маалыматтарды билгендер болсо төмөнкү телефон номурларына байланышып коюңуздарды суранабыз:

Байланыш телефону: 0778424264, 0770701770.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Ale
2021-02-12 03:56:27
Божоболдоп эле айтып койо берелиби суротун корбосок деле
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан