Издөөдөгү "Дженго" каймана аттуу кримтөбөл кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
"2021-жылдын 11-февралында УКМК тарабынан Уюшкан кылмыштуу топтордун ишмердүүлүгүнө каршы жүргүзүлгөн иш-чаралардын алкагында, республиканын түштүк аймагынын «көзөмөлчүсү» аталган, кылмыш чөйрөсүндө "Дженго" каймана аты менен белгилүү, кримтөбөл К.Досоновду кармоо боюнча атайын издөө иш-чаралары аяктады.
Тергелип жаткан кылмыш ишинин алкагында Досонов К. Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 95-беренеси боюнча УКМК тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди", - деп айтылат маалыматта.